Насыя алуу үчүн сизге жарактуу телефон номери, электрондук почта дареги, банк эсеби же электрондук капчык, паспорт керек жана бир нече жөнөкөй кадамдарды жасашыңыз керек:
Алгачкы каттоо учурунда сиз өзүңүзгө жакын кеңседе келишимге кол коюшуңуз керек. Бирок кабатыр болбоңуз, кийинчерээк кеңсеге барбай эле насыя ала аласыз.
Камсыздандыруу (страховка) опциясы менен
Камсыздандыруу опциясы менен насыя алуу аркылуу сиз күтүлбөгөн турмуштук кырдаалдарда финансылык коргоого ээ болосуз. Камсыздандыруу полиси төмөнкү учурларды камтыйт:
Камсыздандыруу учуру келип чыкканда, Камсыздандыруу компаниясы насыя боюнча негизги карыздын суммасын төлөп берет.
Камсыздандыруунун баасы суралган насыя суммасынын 18,2247% чейин түзөт.
Кепилдик (поручительство) опциясы менен
Кепилдик опциясы менен насыя алууда насыянын пайыздык чени айына болгону 2,4% түзөт. Бул эң жакшы шарттарда жактыруу алууну каалагандар үчүн пайдалуу чечим.
Онлайн арыз берүү үчүн кепил берүүчүгө тиешелүү төмөнкү документтерди даярдап, info@fino.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз:
Арыз берилгенден кийин идентификация жана верификациядан өтүү үчүн кепил берүүчү менен бирге кеңсеге келүү зарыл.
Кепил берүүчү боюнча документтерди жөнөтүү мөөнөтү — 4 күн. Толук документтер топтому тапшырылгандан кийин карап чыгуу жана насыя берүү мөөнөтү — 3 күн.
Кардардын арызы боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссия (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык насыяны реструктуризациялоо учурларын кошпогондо):
Төлөө күнүн төмөнкү мөөнөткө өзгөрткөн учурда:
узартуу учурундагы насыянын негизги карызынын калдыгынан эсептелет. Мында төлөө күнү кийинки мөөнөткө жылдырылса, насыянын мөөнөтү да узартылышы мүмкүн.
Эгерде баштапкы төлөө күнү өтүп кеткенден кийин өзгөртүлсө, анда насыянын негизги суммасы боюнча төлөмдөрдү кечиктиргендиги үчүн айып төлөнүшү керек.